“Манастын уулу Семетей” спектакли коюлат

13-Апр. 2017, Бейшемби

Бүгүн, 13-апрелде кечки саат 18:00дө драматург Жалил Сыдыковдун калемине таандык “Манастын уулу Семетей” спектакли Т.Абдумамунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында коюлат. Бул тууралуу театрдан билдиришти.

Элдик эпосубуздун негизинде жазылып-коюлган бул пьеса бардык муундагы адамдарга, айрыкча жаштарга хрестоматиялык негизде көрүүгө зарыл чыгарма.

Окуя - Семетейдин төрөлүшү менен башталып, андан кийин, анын бөтөн жерде эр жетип, кайрадан ата туурун издеп, элине келгени, жерин жердегени менен аяктайт. Ата ордун баскан эр-азамат, элин-жерин коргоп, көптөгөн эрдиктерге баш койгон даңазалуу баатырлардан болот.

Спектаклди койгон режиссер – Эгемберди Бекболиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!