Унаа кырсыгынан алты адам каза болду

14-Апр. 2017, Жума

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 97-чакырымында 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматына караганда окуя кечээ, 13-апрелде саат 18.20 чамасында Чүй облусунун Кемин районунда болгон. Анда Хонда Одиссей, Мерседес Бенц, Тойота Хайлендер үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Анын кесепетинен 6 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган.

Жабыркагандарды Кемин райондук ооруканасына жеткиришкен. Куткаруу иштерине ӨКМнин № 5 өрт куткаруу отрядынын куткаруучулары жана КР ӨКМнин 21-аскерлештирилген өрт-куткаруу отрядынын куткаруучулары чыгышкан.

Ал эми азыркы тапта каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.

Ошондой эле Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгы: «Мерседес Бенц (жүк ташыган унаа) жолдун тайгактыгынан улам каршы тилкеге чыгып, Тойота Хайлендерди сүзгөн. Ал эми Хонда Одиссей жүк ташыган унааны сүзүп токтогон», -деп маалымдады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!