Бишкекте «Мерседес Бенц» унаалары көп уурдалат

14-Апр. 2017, Жума

Үч ай аралыгында Бишкек шаардык милициясы тарабынан Мыйзамсыз транспорт каражаттарын тартып алуу боюнча 29 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Ички иштер министилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай кылмыштардын көпчүлүгүнө талдоо жүргүзгөндө Ленин районунда 13 факты катталса, Свердлов районунда 11 факты, Октябрь районунда 11, Биринчи Май районунда 9 факты катталган.

Унаа каражаттарынын ээлери көңүл бура турчу жагдай, транспорттун 24 фактысы кечинде уурдалса, 3 унаа күндүз, кечке жуук 6, таңга маал 8 унаа уурдалган.

Көпчүлүк учурларда уурулар токтоп турган унааларды уурдайт. Мындай учурлар 21 ирет катталса, көчөдөн 14, унаа жуучу жайдан 3, унаа оңдоочу жайдан 3, үйдүн короолорунан 2 унаа уурдалган.

Көп уурдалган унаалар катары “Хонда Одиссей» жана «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаалар саналат.

«Унаанын ээси транспорт каражаттарына атайын коңгуроолорду коюшу керек. Ошондой эле дайындалган жерлерге унааны калтыруу зарыл. Унааны жарык күйгөн жерге коюшу зарыл жана ачык жайларга таштабаш керек»,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!