Сел жеңил унааны агызып кетти

16-Май 2017, Шейшемби

Баткенде жаандан пайда болгон сел турак жайларды каптап, бир унааны агызып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарында 15-май күнү саат 19:20 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Гавуян сайынан сел түшүп, Октябрь, Асаев, Жашыл-Бак, Айдаркен жана Тынчтык көчөлөрүндө сел суулары агып, 11 турак-жайга жана 17 огород участкаларга кирген. Сел 5100 метр аралыкта ички чарбалык жолдорду жана 3200 метр аралыкта ички чарбалык арыктарды басып, 5 даана электр мамычасын, 1 “ДЭУ МАТИС” үлгүсүндөгү мамлекеттик № А 91-25 А унаасын агызып кеткен. Алдын ала жабыркагандар жок.

Сел жүргөн жерге шаардык ӨКМдин куткаруучулары, жергиликтүү тургундардан 30 адам жана Айдаркен сымап комбинатынан 1 жүктөгүч, 1 портер тартылган.

Шаардык Жарандык коргоо комиссиясы жеринен тактап, өзгөчө кырдаалды алдын алуу иш-чараларын жүргүзүшкөн. Андан сырткары куткаручулар, жергиликтүү тургундар жана тартылган техникалар турак-жайларга кирген сел сууларды тазалоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. Ал эми сел жүрүп жаткан учурда райондук РЭС кызматкерлери тарабынан убактылуу электр энергиясы өчүрүлүп турган. Азыркы учурда Октябрь көчөсүндө электр энергиясы жок.

«Бүгүн, 16-майда шаардык Жарандык коргоо комиссиясы тарабынан иликтөө жана өзгөчө кырдаалды жоюу иш-чаралары улантылат. Ошондой эле бүгүн таңкы саат 05:00 чамасында ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу өзгөчө кырдаал катталган жерге чыгып кетишти»,- деп айтылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!