Баатыр эне: “Балдарым мансапка умтулбады”

19-Май 2017, Жума

Бүгүн, 19-майда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда энелер күнүнө карата майрамдык салтанат болду.

Ага өлкөнүн биринчи айымы Раиса Атамбаева, аталган борбордун директору Камчыбек Узакбаев жана баатыр энелер, дарыгерлер, шаар тургундары катышты.

Майрымдык иш-чарада бир катар жеке менчик ишканалардын өкүлдөрү энелерге белектерди тапшырды. Ошондой эле белгилүү ырчылар, бийчилер өз өнөрлөрүн тартуулашып, майрамдык салтанат концерттик программа менен коштолду.

Бишкек шаарынын тургуну, 81 жаштагы баатыр эне Азия Мамбетсадыкова апанын 8 баласы бар. Учурда бактылуу карылыктын доорун сүргөнүнө карабай саймачылык менен алектенет.

“Учурда жашым 81 де 8 балам, 28 неберем, 27 чөбөрөм бар. Эл агартуунун отличнигимин. 36 жылдан ашуун эл агартуу тармагында эмгектенгем. Азыр ардактуу эс алуудамын. Жөн жатпай балдарыма, неберелериме жакын досторума сайма сайып белеке берип, аларга дагы үйрөтүп келем. Акыркы жаңылыктырдан артта калбай газета окуйм, сыналгы көрөм”,-дейт Азия апа.

Баатыр эненин балдарынын баары жогорку билимдүү. Алардын баары өз кесиби менен иштешип, мансапка умтулбаганын ардагер мындайча билдирди..

“Балдарымдын баары жогорку билимдүү, неберелерим дагы окууну жакшы окуп жатат. Эки неберем АКШда, Канадада окуп бүтүп, ал жакта иштеп жүрүшөт. Балдарым, неберелерим мансапка деле умтулган жок. Өздөрүнүн алган билими, кесиби боюнча иштеп жатышат. Андыктан бактылуу карылыктын доорун сүрүү үчүн балдарды жакшы тарбиялаш керек. Ата-энелер балдарынын бай болгонун, чоң кызматта иштегенин эңсебей балдарды ыймандуу, кайрымдуу болууга, эмгекти сүйүүгө үйрөтүп тарбия бериш керек”,-деди ал.

Белгилей кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин 2012-жылы кабыл алынган жарлыгына ылайык, май айынын үчүнчү жекшембиси “Энелер күнү” деп белгиленген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!