​Үмөталиев көчөсү жабылат

19-Май 2017, Жума

Жылуулук түйүндөрүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Үмөталиев көчөсү унаа кыймылы үчүн жабык болот. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, капиталдык курулуш башкармалыгы билдиргендей, 20-майдан арта Үмөталиев көчөсү Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин жабык болот.

"Жылуулук түйүндөрүн оңдоп-түзөө иштери үстүбүздөгү жылы 10-июнга чейин созулат. Мындан улам мэрия айдоочуларга жана шаар тургундарына ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн маршурттук каттамдын айдоочулары өзүнө ыңгайлуу багытты тандап алуусун өтүнөт",-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!