Баткенде “Лексус” менен “КамАЗ” сүзүштү

29-Май 2017, Дүйшөмбү

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 120-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 26-майда болгон. Кадамжай районундагы Алга айылынын 49 жаштагы жашоочусу А.Э аттуу аял киши башкарып бара жаткан “Лексус” (мамлекеттик номуру B 30 00V) унаасы менен “КамАЗ” сүзүшкөн. “Лексустун” айдоочусу жолдон башкаруусун жоготуп, алдында бара жаткан жүк ташуучу унааны сүзүп токтогон. Жүк ташуучу унааны Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургуну А.М. башкарып бара жатканы белгилүү болду.

“Кырсыктын кесепетинен А.Э. алган жаракатынан улам Кадамжай райондук ооруканага жаткырылган” ,- деп айтылат билдирүүдө.

Учурда кырсык боюнча тактоо иштерин жүргүзүлүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!