Муфтий патриарх менен жолугушту

29-Май 2017, Дүйшөмбү

Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Москва жана Бүткүл Орусиянын патриархы Кирилл менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Москва жана Бүткүл Орусиянын патриархы Кирилл менен жолугушуп, адам баласынын жалпы касиеттик сапаттарын ойготуу, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, диндер аралык ынтымакты бекемдөө, эки мамлекеттин ортосундагы достук, Ислам жана Провославиянын эзелтен берки тынчтыгы туурасында пикир алышты.

Муну менен катар эки тараптуу жолугушуунун алкагында Максатбек ажы Токтомушев Москва жана Бүткүл Орусиянын патриархынын кыргыз жерине болгон зыяратына ыраазычылыгын билдирип, кыргыз элинин меймандостугун айтып, иштерине ийгилик каалады. Ал эми эки тараптуу жолугушуунун акырында белек-бечкектер менен сыйлашып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!