Бишкекте куурчак фестивалы өтүүдө

26-Май 2017, Жума

Бишкектеги Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында 26-28-май күндөрү “Так-Теке” II куурчак театрларынын эл аралык фестивалынын ачылыш салтанаты болду. Ага Свердлов районунун башчысы Самарбек Болотбеков катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ачылыш салтанатына Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары жана маданият өкүлдөр, коноктор катышты.

Театралдык фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Өзбекстандын куурчак театрлары катышууда. Фестивалдын жабылыш аземи драматург Виктор Швембергдин 125-жылдыгынын жаркын элесине арналмакчы .Кирүү акысыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!