ЖККУ жыйынында маанилүү документтерге кол коюлду

9-Июнь 2017, Жума

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 15-жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей аталган жыйындын жыйынтыгы ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосунда келечекте аскердик-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташууну, уюмдун курамындагы өлкөлөрдө коргонуу өнөр жай ишканаларын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө дем берет.

Жыйындын жыйынтыгында 2025-жылга чейинки ЖККУ алкагында куралданууну жана аскердик техниканы стандартташтыруу боюнча иштерди өткөрүүнү уюштуруу, аскердик маанидеги бергеликте иштелип чыгарылган жана өндүрүлгөн продукциялардын сапатын көтөрүү, уюмга мүчө мамлекеттердин атайын маанидеги аскердик продукцияларынын экспозицияларын түзүүнүн мүмкүнчүлүгү боюнча 2017-2018-жылдары эл аралык көргөзмө өткөрүүнүн тартиби тууралуу бир катар документтерге кол коюлду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!