Жээнбеков Нарындагы чатакты иликтөөнү тапшырды

9-Июнь 2017, Жума

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыповго бардык тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Борбор Азия университетинде болгон чатакты кылдат иликтеп чыгууну тапшырды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр окуяга жана конфликтин катышуучуларына мыйзам чегинде баа берилиши керектигин белгилеп, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага БАУ жетекчилиги менен биргеликте мындай окуяларды кайталабоонун үстүнөн иш алып барууну тапшырды.

Ал эми Ички иштер министри Улан Исраиловго коомдук тартипти сактоо жана мындай мыйзам бузууларга жол бербөөнүн, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун алдын алуу жана окуяны иликтөөнү жеке көзөмөлгө алуу буйругун берди.

Белгилей кетсек, 27-майда БАУда баскетбол боюнча өткөн мелдеште ортодогу пикир келишпестиктен улам Нарындын жаштары менен аталган университеттин студенттери ортосунда чыр чыккан.

ИИМ бул окуяга байланыштуу «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!