​Муфтий кырсыктан жабыр тарткан эл менен жолукту

30-Июнь 2017, Жума

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Ош облусунун Чон-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн Карамык айылынын жергиликтүү жашоочулары менен жолугушуп, алардын ал абалдарынан кабар алды. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыган билдиришти.

Эл менен болгон жолугушууда Азирети Муфтий жер титирөөдөн жабыркаган үйлөр менен таанышып, айыл элин сабырдуу, чыдамдуу жана ынтымактуу болууга чакырып, Муфтият, облустук казыят тарабынан Жекенди жана Карамык айылындагы зилзаладан жапа чеккендерге 4 үй салып берирлерин билдирди. Ошондой эле жаратылыш кырсыгынан жабыркаган 100 үй бүлөгө гуманитардык жардам берилип, эли журтубуздун бейпил турмушу, тынчтыгы үчүн дуба тилектер кылынды.

Ал эми жергиликтүү эл Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевге жана облус казыларына өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришип, ат арытып келгендери үчүн ыракматтарын айтышты.

Муфтийдин андан аркы сапары Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу-Сай жана Жалпак-Таш айылындагы жер көчкү жана жер титирөөдөн жабыр тартып, Жаман-Адыр аймагына көчүрүлгөн тургундар менен жолугушушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жер көчкүдөн улам каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жалпы жер көчку апаатынан жабыр тарткан бардык үй-бүлөлөрдү сабырдуулукка чакырды.

Ошондой эле Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы жана облустук казыяттар биргеликте Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыр тарткан 4 ү-бүлөгө, Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыр тарткан 4 үй-бүлөгө үй куруп берүүнү өз убада кылып, жакынкы күндөрү курулуш иштери башталаарын кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!