Куткаруучулар жаңы батирлүү болушту

30-Июнь 2017, Жума

Бүгүн, 30-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 162 кызматкерине жаңы батирдин ачкычтарын президент Алмазбек Атамбаев салтанаттуу түрдө тапшырды.

Өлкө башчысы жаңы конуштуу болгон кызматкерлерди куттуктап, иштерине ийгилик каалап, мыкты кызматкерлерге кол сааттарды ыйгарды.

Аны менен бирге Кыргызстан тоо чөлкөмүндө жайгашкандыгын, сел, жер көчкү өңдүү табигый кырсыктардан кутулуу мүмкүн эместигин айтып, жарандар өз турак-жайларын камсыздандырышы керектигин эскертти.

Көп кабаттуу үйлөр шаардын Тунгуч кичи районунан орун алып, үч үй катар тургузулган. Жалпы 162 батир бар. Үйлөрдүн курулушуна республикалык бюджеттен 261 миллион сом бөлүнгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!