Сегиздеги кызга зомбулук кылгысы келген

11-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 17:52

Аламүдүн районунда 8 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган 66 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 9-сентябрда болжол менен саат 17:30 чамасында Аламүдүн районундагы Кайырма айылында болгон. Анда 8 жашар кыз зордукталды деген арыз менен кыздын ата-энеси милицияга кайрылган.

Кылмышка шектүү катары 1951-жылы туулган Б.К аттуу тургун кармалган.

Кармалган жаранга карата Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!