“КамАЗ” менен сүзүшкөн автобустун айдоочу каза болду

10-Окт. 2017, Шейшемби, 10:31

Бишкек-Ош унаа жолунда “КамАЗ” менен “Мерседес-Спринтер” үлгүсүндөгү кичи автобус унаасы кагышып, бир айдоочу каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 7-октябрь күнү таңкы саат 5:00дө Ноокен районунун аймагындагы болгон. Натыйжада кичи автобусту башкарып келе жаткан 1973-жылы туулган К.К. аттуу айдоочусу каза болгон. Ал эми КамАЗ айдап бараткан айдоочунун буту сынып Таш-Көмүр шаарындагы ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча КамАЗдын айдоочусу рулду башкарып бара жатып уктап кеткен.

Сүзүшкөн унаалардын ичинде бара жаткан бирден жүргүнчү болгон, алардын абалы канааттандырарлык.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!