Ат-Башыда 5-класстын окуучусу муунуп алды

11-Окт. 2017, Шаршемби, 14:36

Ат-Башы районунда 5-класстын окуучусу муунуп каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-октябрда милиция кызматкерлерине аталган райондун Казыбек айылында окуучу кыз муунуп каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Ага ылайык 8-октябрь күнү кечки саат 5:30дар чамасында окуучу кыз кыз мончого кирип жоолугуна асынып алгандыгы белгилүү болгон. Денесинде атайын келтирилген жаракаттардын изи болгон эмес.

«Маркум ата-энеси менен бирге турчу жана ал үйүндө беш бир туугандын арасында жалгыз кыз болгон», - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!