​7 жашар баланы өлкөдөн сыртка алып кетүүгө аракеттенди

21-Дек. 2017, Бейшемби, 14:58

Туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүк менен 7 жаштагы баланы Москвага алып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 21-декабрда Ош-Москва каттамын түзүү учурунда чек ара кызматкерлери жасалма күбөлүк менен 7 жаштагы кызды өлкөдөн алып чыгууга аракет кылган 55 жаштагы кыргыз жаранын кармаган.

Кармалган аялдын айтымына караганда, документтер жоголуп кеткендигине байланыштуу жасалма күбөлүк жасаткан.

Учурда кармалган жаран УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!