Күрөк менен чапкылап үй ээсин өлтүрдү

6-Янв. 2018, Ишемби, 15:27

Сузак районунда кылмышкер үй ээсин өлтүрүп, аялы менен кызы жарадар кылып качып кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 30-декабрга караган түнү Сузак районунун Күмүш-Азиз айылындагы үйлөрдүн бирине белгисиз кылмышкер мыйзамсыз түрдө кирип, үйдүн тургундарын токмоктоп, ден-соолугуна жаракат келтирип, окуя болгон жерден качып кеткендиги тууралуу маалымат Сузак РИИБге келип түшкөн.

Аталган РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда кылмышкерлердин колунан үйдүн ээси – 61 жаштагы С.Т, 53 жаштагы жубайы С.Х., жана 15 жаштагы кызы С.Мны темирден жасалган мык суургуч жана күрөк менен бети-башына, денелерине уруп, үйүнүн ичинен баалуу буюмдарды издеген. Бирок, таба албагандыктан окуя болгон жерден качып кеткен.

Үй-бүлө мүчөлөрү денелерине оор жарат алышып, Сузак аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми 3-январда жабырлануучу үй ээси алган жараатынан улам ооруканада каза болгон.

«Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, далил буюм алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы жана Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, анын натыйжасында 4-январда Сузак районунун Кайрагач айылынын 22 жаштагы тургуну шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп айтылат билдирүүдө.

Тергөө убагында кылмышка шектүү буга чейин жабырлануучу аялдын ортосунда аласа-береседен калган акча каражатынан улам чыр чыккандыгын айткан. Аны менен катар кылмышка шектүүнүн жакынкы аймактагы мурда катталган 4 уурулук фактыларына катыштыгы бардыгы далилденген.

Учурда шектүүнүн мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!