Ашхабад-2017: эки балбан кыз күмүш тагынды

19-Сен. 2017, Шейшемби, 10:45

Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы түркмөн күрөшүнүн классикалык стилдеги мелдеште кыргызстандык спортчулар Назира Марсбек кызы менен Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жазып чыкты.

Мелдеште Назира Марсбек кызы 58 килограмм салмактагы категориясында күч сынашып, күмүш тагынса, дагы бир спортчу Мээрим Жуманазарова 70 кг салмакта беттешке чыгып күмүш байгени утуп алды.

Ушуну менен Кыргызстан 7 медаль (1 алтын, 3 күмүш, 3 коло) алууга жетишти. Азырынча Азиянын 62 мамлекеттин ичинен 9-орунда келе жатат.

V Азия оюндары Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 27-сентябрда жыйынтыкталат. Кыргызстандын намысын спорттун 17 түрү боюнча 153 спортчу коргоп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!