Бишкекте түрк тасмаларынын жумалыгы өтөт

21-Июль 2017, Жума

Бишкекте түрк тасмасынын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш чаранын расмий ачылышы жана түрк тасмалары “Октябрь” кинотеатрында болот. Аталган жумалык 21-25-июль күндөрү өтөт.

Анда көрсөтүлө турган тасмалардан тышкары, көрүүчүлөр 1978-жылы түрк киноматографисттери тарткан Ч. Айтматовдун чыгармасынын негизинде жаралган «Кызыл жоолук жалжалым» тасмасына күбө болушат.

Эскекте кетсек, иш-чарага кирүү акысыз.

Фото: интернеттен алынды, окуяга тиешеси жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!