Нарындын тургуну куран китеп белек кылды

6-Июль 2017, Бейшемби

Нарын районунун Эмгекчил айылынын тургуну Алина Абдылмежидинова чоң атасынан калган 100 жылдык тарыхы бар Куран китебин Кыргызстан Ислам Университетине белек кылды.Бул тууралу кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Алина Абдылмежидинованын айтымында Куран китеби чоң атасы Абакир каарыдан калып, ушул күнгө чейин сакталып келген.

«Куран китеби дайыма баракталып окулуп туруусу керек. Ошондуктан чоң атабыздан калган ыйык китеп дайыма окулуп турсун деп Кыргызстан Ислам Университетине белек кылдык»,-деди Алина Абдылмежидинова.

Куран китебин тапшыруу саамалыгына ЖКнын мурдагы депутаты Турсунбай бакир уулу, университеттин ректору Марс Ибраев жана коноктор катышышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!