Жакыр үй-бүлөлөргө битир таратылды

7-Июль 2017, Жума

Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондору 2017-жылдагы битир-садакадан турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө, жетим-жесирлерге жана майыптарга 200 миң сомдук битир-садака таратты. Бул тууралу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сокулук районунун баш имам хатиби Икрам ажы Рысбаевдин айтымында, 50 кишиге 1000 сомдон, ден соолуктарынан жабыркаган 10 кишиге 2 миң сомдон таратылса, 20 кишиге күнүмдүк турмушка керектелүүчү азык-түлүк иретинде берилип, жалпысы болуп 110 миң сомдук жардам көрсөтүлгөн

Ал эми Аламүдүн районунун баш имам хатиб Абдурахман ажы Анаркулов аймактагы 5 мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга 5 миң сом, турмуш шарды оор 15 кишиге 2 миң сомдон жана Аламүдүн районундагы 7 медресеге 5 миң сомдон жалпысы болуп 90 миң сом берилгендигин билдирди. Ошондой эле Аламүдүн районундагы “Максат” майып балдар үйүнө жардам берилээрин айтып, битир-садака максаттуу жана багытуу жумшалып жаткандыгын айтып өттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!