Бишкекте Куран жарышы болот

6-Июль 2017, Бейшемби

Бишкек шаарындагы борбордук мечитте республикалык Куран жарышы башталды. Учурда өлкө аймагындагы Куран жарышынан жеңүүчү болгон уландар бүгүн жана эртең күч сынашып, өздөрүн Куран окуудагы чеберчиликтери, тажвид эрежелери боюнча калыстардын сынынан өтмөкчү.Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Республикалык Куран жарышынын салтанаттуу ачылышына Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, шейх Муса жана Медина шаарынан келген доктор Ахмад Адыл Рифъи катышып, тандалган талапкерлерге ийгилик каалашты. Ал эми Муфтияттын окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы ар жылы КМДБ менен Бүткүл Дүйнөлүк Куран жаттатуу уюму менен биргеликте уюштурулуп келген Куран жарышы өзүнүн жакшы натыйжасын берүү менен Куран жаттоочулардын кызыгуусун жогорулатууда. Ошондой эле республикалык Куран жарышынан жеңген уландар бүткүл дүйнөлүк Куран жарышына катышып, байгелүү орундарды жеңишип, кыргыздын желегин желбиретип аткандыгына токтолду.

Республикалык Куран жарышында ат салышып жаткан Чүй облусунун төмөнкү Чүй айылындагы Аль-Аксо медресесинин окуучусу Абдуроуф Зикировдун айтымында мындай жарыштар жаштардын демине-дем кошуу менен ыймандын, мекенге болгон сүйүүнүн жана адеп-ахлактын жогорулашына салымын кошот.

Куран жарышынын катышуучулары Куранды толук (30 пара) жатка билүү менен кошо жазария эрежелерин жатка билүү боюнча, Куранды толук (30 пара) жатка билүү боюнча, Курандын 3/2син (20 пара) жатка билүү боюнча, Курандын 3/1ин (10пара) жатка билүү боюнча ат салышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!