Угги өтүгүнүн зыяны жана пайдасы

Угги өтүгүнүн зыяны жана пайдасы
21-Ноя. 2017, Шейшемби, 12:50

Күнүмдүк турмушта тиричиликтин камы менен ары бери чапкылап, тынымсыз иштеген адамга ыңгайлуу жана жылуу бул өтүк бизге Австралиядан жеткен. Дүйнөлүк шоу-бизнес өкүлдөрүнүн бул бут кийимди модага айлантуусу менен угги өттүгүнүн «танымалдуулугун» арттырды.

Классикалык угги табигый кой терисинен тигилгендиктен кышта суук өткөрбөй, жылуу болсо, жазында, тескерисинче салкын кармайт.

Уггини эмне менен кийүүгө болот?

Уггини ар түрдүү стилде, каалаган кийим менен кийүүгө болот. Джинсы менен, юбка менен, көйнөк, шым кылып айкалыштырып кийисе жарашыктуу көрүнөт. Бул бут кийим өзгөчө жаш өспүрүмдөр арасында популярдуулукка ээ.

Ар түрдүү түстө чыгарылган бул өтүк кеңсеге да, кышкы саякаттарга да, түнкү клубдарга да, күнүмдүк турмушта да кийип жүрүүгө ыңгайлуу.

Уггинин түрлөрү

Аялдарга арналган угги классикалык, спорттук үлгүдө, токкулган, калыңдатылган сыяктуу түрлөргө бөлүнөт. Саргеч уггилер да бар. Аларды бантиктер, түрлүү боолор, шуру-мончоктор, таштар менен кооздоп жасашат.

Эркектерге арналган угги өтүктөрүнүн классикалык жана спорттук түрлөрү гана болот.

Балдарга арналган уггилерге келсек болгону классикалык түрү гана чыгарылат. Ыңгайлуу спорттук түрү сейрек кездешет.

Угги ден соолукка зыянбы?

Эң башкы суроо-талапка ээ бут кийимдин бул түрү адамга терс таасир тийгизет экен.

«Күнүнө 8-9 саат бою бутунан чечпей кийгендердин таман муундарынын тарамыштары созулат», деп билдиришет ортопеддер. Угги жалпак жана кенен болгондуктан таманды кармап, буттун учунун көтөрүлүшүнө колдоо бербейт, Бутту сүйрөп басууга туура келет да, муундагы тарамыштын созулушу ушундан келип чыгат.

Калың жүндүү өтүк менен сүйкөлгөн сайын аба өтпөй, бут тердеп, жыйынтыгында – түрлүү тери ооруларын, өзгөчө буттун манжаларынын арасындагы терилер зыян чегет.

Бут кийим менен кысылбай, кандай болсо ошондой баскандан улам адамдын кыймыл-аракети басуусу да өзгөрөрү далилдеген.

Америкалык ортопеддердин кеңеши боюнча, угги өтүгүн күнүнө эки-үч сааттан ашык кийүүгө болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!