Жалал-Абад шаардык кеңешинде өзгөрүү болду

Жалал-Абад шаардык кеңешинде өзгөрүү болду
28-01-2017

Жалал-Абад шаардык кеңешинен “Биримдик” көпчүлүк коалициясынан “Республика-Ата-Журт” партиясы чыгып кетти. Бул тууралуу аталаган партиянын фракция лидери Тагай Чиллаев маалымат жыйынында билдирди.

Чиллаевдин айтымында, учурда шаардык кеңеш бир чечимге келе албаганына байланыштуу коалициядан чыккан.

“Биз “Биримдик” коалициясынан чыгууну чечтик. Максатыбыз мэрликти же төрагалыкты алуу эмес, элдин көйгөйүн чечүү. Эгерде шаардын иши үчүн төрт партия биригип, биримдик түзүлсө, биз оппозицияда калууга даярбыз”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык кеңешинин ушул жылдын 16-январдагы 1-сессиясында “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата-Журт”, жана “Ата-Журт” партияларынан шайланган. Шаардык кеңештин депутаттары “Биримдик” коалициясын түзүшүп, төраганын орун басарын шайлашкан.

“Республика - Ата-Журт” партиясынан шаардык кеңешке 3 депутат бар.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!