“Ош” аэропортунда аэровокзалдык комплекс ачылды

6-Апр. 2017, Бейшемби

Ош шаарында эл аралык «Ош» аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплекси ачылды.

Жаңы аэровокзалдык комплекстин ачылыш салтанатына иш сапары менен барган өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков катышты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков географиялык жайгашууну эске алуу менен Кыргызстан эл аралык транзит аймагында чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин Борбордук Азиянын эң борборунда жайгашкандыктан Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө болорун билдирди.

“Улуу Жибек Жолунда Кыргызстан туристтик, инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү менен дүйнөгө таанымал мамлекет болушу керек. Ош шаары Улуу Жибек Жолунун тарыхында өзгөчө ролду ойнойт, андыктан биз анын тарыхый маанилүүлүгүн калыбына келтиришибиз керек», — деди Жээнбеков.

Аэровокзалдык комплекстин өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 450-600 жаранга чейин көбөйүп, аянты 2160 м2 башкача айтканда 5000м2 ден 7160м2 чейин кеңейди.

«Ош» эл аралык аэропортунун директору Талантбек Ысаков жыл сайын «Ош» аэропортунда эл аралык багыттар боюнча жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөндүктөн аэровокзалдык комплексти кеңейтүү жана модернизациялоо муктаждыгы келип чыккандыгын айтты.

«Өндүрүштүк жана технологиялык кубаттуулуктун жетишсиздиги бир катар мүмкүнчүлүктөргө тоскоол болуп, аба каттамдарын кеңейтүүгө шарт болбой келген. Мындан улам, жүргүнчүлөргө жетишээрлик деңгээлде шарт түзүп, аэровокзалдын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында аны кайрадан модернизациялоо муктаждыгы келип чыкты», — деди ал.

Ал учуп-конуу катарларын кеңейтүү пландарын айтып, андан соң аба каттамдарында көп учактарды кабыл алуу боюнча жаңы схемалар түзүлөөрүн кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!