Атамбаев таза шайлоо өткөрүүнү тапшырды

6-Апр. 2017, Бейшемби

Бүгүн, 6-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, президент БШК жетекчисине шайлоону таза өткөрүү боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырды.

Шайлдабекова өлкө башчысына шайлоо системасын өнүктүрүү, өткөн жылдагы шайлоодо жүз берген кемчиликтерди жоюу, алдыда болуучу шайлоолорго карата даярдыктарды көрүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 28-майында 18 айылдык жана эки шаардык кеңешке шайлоо өтөт. Президенттик шайлоону өткөрүү 19-ноябрга белгиленген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!