Дайынсыз болгон окуучу кыздын сөөгү табылды

6-Апр. 2017, Бейшемби

Бишкекте мектепке кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы Аселя Төрөбекованын сөөгү Чоң Чүй каналынан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн эртең менен нөөмөт бөлүмүнө Лебединовкада кыздын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Сөөк өзү жашаган үйдөн 100 метр арыраак суунун жээгинен табылды. Кыздын денесинде күч колдонулган белгилер табылган жок.Окуучу кыз сууга чөгүп кетиши мүмкүн. Суучулдар кыздын сөөгүн алып чыгып, туугандары тааныды», - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Кантемировская 93а көчөсүнүн тургуну, 11 жаштагы Торобекова Аселя Руслановна дайынсыз жоголгон. Ал 3-апрель күнү болжол менен саат 12:15 чамасында, мектепке үйүнөн чыгып кеткен бойдон, кайра кайтып келген эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!