Кулматов кайрадан бажы кызматын жетектейт

 Кулматов кайрадан бажы кызматын жетектейт
11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 14:17

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Кулматов бажы кызматын кайрадан жетектемей болду.

Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Өкмөт башчы Исаков бүгүн тиешелүү токтомго кол койгонун, бул сунушту президент Сооронбай Жээнбеков да макул көргөнүн билдирди.

Кулматов ушуну менен экинчи жолу Бажы кызматына жетекчи болду. Ал буга чейин да, тагырааагы 2010-2013-жылдары Бажы кызматын жетектеген.

Андан соң кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеп, ушул жылдын сентябрь айында Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!