Кыргызстан менен Өзбекстандын парламенттери кызматташат

Кыргызстан менен Өзбекстандын парламенттери кызматташат
22-Дек. 2017, Жума, 10:51

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган делегация Өзбекстанга расмий иш сапары менен барып, кыргыз парламенти менен Олий Мажлистин ортосундагы кызматташуу планына кол коюлду.

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, делегациянын Өзбекстанга болгон расмий сапары 21-декабрда эки өлкөнүн парламенттик байланыштарын бекемдөөгө багытталган документке кол коюу менен жыйынтыкталды. Практикалык иш-аракеттердин планы келишимине ылайык, 2018-жылы Өзбекстан менен Кыргызстан парламенттери бир катар жолугушууларды өткөрөт.

11 пункттан турган бул документте 2018-жылы Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрагасы Нигматилла Юлдашевдин расмий иш сапарын уюштуруу, эки өлкөнүн парламенттеринин байланышын бекемдөө максатында, парламенттер аралык комиссия түзүү, тармактык комитеттер, депутаттык топтор жана аппарат деңгээлиндеги жолугушууларды уюштуруу жана башка ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүү мерчемделген.

Документке Кыргызстан тараптан Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Өзбекстан тараптан Олий Мажлистин Сенатынын Төрагасы Нигматилла Юлдашев кол койду.

Кыргыз парламентинин спикери Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегациянын эки күндүк расмий сапары Самарканд шаарында мурдагы президент Ислам Каримовдун күмбөзүнө гүл коюу менен башталып, Ташкентте жогорку деңгээлдеги жолугушуулар менен уланды. Кыргыз парламентинин өкүлдөрү Олий Мажлистин Сенаты жана Мыйзам чыгаруу палатасынын жетекчилери жана депутаттары менен көрүштү. Андан сырткары, Төрага Дастанбек Жумабеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелерди арттыруу жаатында пикир алышты.

Расмий сапардын маданий бөлүгүндө Кыргызстан парламентинин делегациясы “Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” деп аталган туруктуу экспозиция менен таанышып, Ташкенттин борборундагы “Көз карандысыздык жана гуманизм” монументин жана Хазрати Имам тарыхый-руханий комплексине зыярат кылышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Бишкек ШИИБ митингде кармалган журналисттерден  кечирим сурады
Бишкек ШИИБ митингде кармалган журналисттерден кечирим сурады
Токмокто болгон катуу шамалдан улам эки үйдүн үстүнө бак кулады
Токмокто болгон катуу шамалдан улам эки үйдүн үстүнө бак кулады
​Эл аралык резерв 1 пайызга азайды
​Эл аралык резерв 1 пайызга азайды
Балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу боюнча штабдар иштѳѳдѳ
Балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу боюнча штабдар иштѳѳдѳ
​ЕАЭБ менен соода 1,9 млрд. долларга жеткен.
​ЕАЭБ менен соода 1,9 млрд. долларга жеткен.
Ак көйнөктөгү тердин тагын кетирүү жолу
Ак көйнөктөгү тердин тагын кетирүү жолу
КТРКнын башкы директорлук кызматына сынак жарыяланды
КТРКнын башкы директорлук кызматына сынак жарыяланды
Бишкекте кызыл карагайлар отургузулууда
Бишкекте кызыл карагайлар отургузулууда
Ханыша Елизавета IIнин күйөөсү кырсыкка кабылды
Ханыша Елизавета IIнин күйөөсү кырсыкка кабылды
Чолпон Талипбек ырдаган  “Кыргызымдын жигиттери” сынга кабылды
Чолпон Талипбек ырдаган “Кыргызымдын жигиттери” сынга кабылды
​Месси 12 жашында футболду кандай ойночу?(видео)
​Месси 12 жашында футболду кандай ойночу?(видео)
Бактериялардан электр энергиясын өндүрүү жолу табылды
Бактериялардан электр энергиясын өндүрүү жолу табылды
Сайкал Садыбакасова менен Бек Борбиевден “Секелек” жаңы клиби
Сайкал Садыбакасова менен Бек Борбиевден “Секелек” жаңы клиби
Аскат Мусабеков “Эркинайды” жаңылап ырдап чыкты (видео)
Аскат Мусабеков “Эркинайды” жаңылап ырдап чыкты (видео)
100 миллиард доллары бар киши гамбургерге кезек күттү
100 миллиард доллары бар киши гамбургерге кезек күттү
“Ford”дун эң ылдам “Mustang Shelby GT500” унаасы
“Ford”дун эң ылдам “Mustang Shelby GT500” унаасы