Уильямс: Жакында спорттон кетпейм

Уильямс: Жакында спорттон кетпейм
30-Ноя. 2017, Бейшемби, 15:03

Атактуу америкалык теннисчи, мурдагы дүйнөнүн биринчи ракеткасы Винус Уильямс жакында спорттон кетпей тургандыгын жана 2020-жылкы Олимпиадага катышууга даяр экендигин билдирди. Атактуу спортчу Аялдардын теннис ассоциациясы (WTA) сайтына курган маегинде " Мен спорт карьерамды токтотпойм. Алдыда 2020-жылдагы Токио Олимпиадасы турат. Мен аны максат кылып алдыма койдум” деп айткан.

Олимпиада оюндарынын төрт жолку чемпиону: үч жолу тобу менен болгон мелдеште (2000, 2008 жана 2012-жылдар) жана жалгыз (2000-жылы) жеңишке жетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!