Кадыр Маликовдун китебинин бет ачаары болот

2-Дек. 2017, Ишемби, 11:09

Бүгүн, 2-декабрда Бишкектеги А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада мусулман жаштарынын көйгөйлөрүн көтөрүү жана алардын чыгармачыл потенциалын ачууга багытында «MUSA 2017 Muslim Social Artistry» алгачкы мусулман фото-арт көргөзмөсүнө жана белгилүү ислам окумуштуусу Кадыр ажы Маликовдун жаңы китептеринин бет ачары болмокчу. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыганан билдиришти.

Аталган иш-чаралар «Umma» ислам журналы жана “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борбору тарабынан уюштурулууда.

Иш-чарада Кадыр ажы Маликовдун жакында эле жарык көргөн китеп көргөзмөсү ачылат. Автор окурмандарга өзүнүн жаңы 2 эмгегин: “Мусулман жаштары: Маанилүү жана пайдалуу баалуулуктар” менен “Ислам жана мамлекет” китептерин сунуштайт. Бет ачарга келгендер Кадыр ажы Маликовго суроолорун берип, жаңы китептерди автордун кол тамгасы менен ала алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!