​Мэрдин кубогун казакстандык өспүрүмдөр алды

​Мэрдин кубогун казакстандык өспүрүмдөр алды
10-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Балдар хоккейинин Бишкек шаарынын мэринин кубогу үчүн эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки күнгө созулган өспүрүмдөрдүн оюну Бишкекте алгачкы жолу өтүп жаткандыктан жалпы 150 хоккейчи катышты.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Орусиядан тогуз команда ат салышты. Таймаштар сегиз жашка чейинкилер жана 11 жашка чейинкилер арасында өз-өзүнчө өттү.

Жыйынтыгында командалар төмөнкүдөй көрсөткүчкө ээ болду:

10-11 жаштагылар арасындагы мелдеште:

1 орун – Астана (Казахстан)
2 орун – Алматы (Казахстан)
3 орун – Бишкек (Кыргызстан)
4 орун – Шымкент (Казахстан)

7-8 жаштагылар арасындагы мелдеште:

1 орун – Алматы (Казахстан)
2 орун – Бишкек 1(Кыргызстан)
3 орун – Шымкент (Казахстан)
4 орун – Бишкек 2 (Кыргызстан)
5 орун – Томск (Россия).

Жеңүүчүлөргө Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан мэрдин кубогу менен сыйланып, медалдар жана дипломдор тапшырылды. Мындан тышкары мелдештин бардык катышуучуларына сыйлыктар тапшырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!