​Дзюдочулар Гонконгдогу мелдешке катышууда

​Дзюдочулар Гонконгдогу мелдешке катышууда
24-Май 2017, Шаршемби

Бүгүн, 24-майдан 29-майга чейин Кытайдагы дзюдо боюнча Азия биринчилигине кыргызстандык дзюдочулар таймашка чыга баштайт. Бул тууралуу КРнын Улуттук дзюдо федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Гонконг шаарында өткөрүлө турган Азия чемпионатына Отар Бестаев, Бектур Рысмамбетов, Жаныбек уулу Руслан, Владимир Золоев, Шахриер Идрисов жана Юрий Краковецкийлер катышууда. Ал эми кыздар арасындагы таймашка Ксения Бельдягина, Асель Мусабекова, Мээрим Момунова менен Айжан Кадырбековалар катышат.

Белгилей кетсек, кыргызстандык дзюдочулар аталган биринчилике жолдомо алуу үчүн апрель айынын башында Түркияда өткөн Гран-при мелдешине катышкан болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!