Кытайда жаңы шаар пайда болот

5-Апр. 2017, Шаршемби

Пекинге 100 чакырым аралыкта жайгашкан таза Сюнонган шаарын куруу планын өлкөнүн Коммунистик партиясынын лидерлери кайрадан карап чыкты. Жаңы мегаполистин аянты Нью-Йорктон үч эсе чоң болору белгиленген.

Бийлик Сюнонган шаарын куруу келечек муундар үчүн стратегиялык жактан маанилүү деп эсептейт. Расмий маалымат агенттиктери жаңы калаа куруу менен борбордун экологиясына, жолдоруна жеңилдик келтирүүгө болорун болжолдоодо.

Азырынча аталган аймак жарым жартылай бош. Анткен менен бийликтин чечими кыймылсыз мүлк рыногунда жанданууну жаратты. Инвесторлор курулушка каражат жумшоону, келечекте кыймылсыз мүлктөрдө кымбатка сатууну ойлоно баштаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!