Жашообузду алмаштыруучу технологиялар

28-Апр. 2017, Жума

Өткөн мезгил аралыгында акылдуу телефондор, булут системалары жана чындыкка коошпогон технологиядагы укмуштуудай жаңычылдыктарга күбө болдук. Бирок мунун баары башталышы гана... Илимий-фантастикалык фильмдерде көргөн укмуштуудай технология ачылыштары эми жашообузда да жарала баштайт.

1. Жолдо жүргөндө этият болуну камсыз кылган технология

Азыркы күндө даректи издеп табуу үчүн GPS жана картага карап жетебиз. Бирок жакынкы мезгилдерде даректи өзүбүз издебей калабыз. “Google” жана “Tesla” сыяктуу компаниялар издөө булактарын кыска убакта ишке ашыруу үчүн жаңы унааны ишке ашыруу менен алек болуп келүүдө.

2. Oкеан артына 2-3 саатта жеткирген “supersonic jet”

Узак убакыт жол жүрүү адамды чарчатып жиберет. Бирок, эми “Virgin Group” компаниясынын башчысы Ричард Брансон 7 саатта жеткен Нью-Йорк менен Лондонго 3,5 саатта жеткирүүчү “supersonic jet” ойлоп тапты. 3,5 саат ичинде океанды ашып саякаттоону каалагандар үчүн 5 миң доллар төлөп бул мүмкүнчүлүктү колдоно алышат. Жеттердин алгачкы тесттик учуулары быйыл ишке ашыруу күтүлүүдө.

3. Жаңы системалуу тез жүргөн унаа: “Hyperloop”

“Tesla” жана “SpaceX CEO”компанияларынын негиздөөчүсү Илон Масктын акыркы долбоорлорунун бири “Hyperloop” тез транспорттук системасы. Бул унаа системасы жарыкка чыккандан тартып, жолчулар 570 километрлик орточо каттамга 962 километрге тез жана көздөгөн жерге барууга мүмкүн болмокчу. Mаск жана анын командасы бул долбоордун үстүндө иш алып барууну улантышууда.

4. 3D принтери

3D принтери күн өткөн сайын жакшырып келүүдө. 3D ири масштабдагы кыска убакыт ичинде басып чыгаруучу дизайн принтер иштелип чыгууда. Бул үчүн компьютер илими боюнча адис болуунун керек эмес. Жакынкы кундөрдө ар бир үй-бүлөдө бир 3D принтерлери болушу күтүлүүдө.

5. Чыныгы акылдуу үй системалары

Иштеп чарчап үйгө келгениңизде жөнөкөй иштерди үйүңүз менен сүлөшүү аркылуу чечүү кандай сонун болмок эле туурабы? Жакынкы убактарда бул да ишке ашчуу бир укмуш долбоорлордун бири. Мунун эң жакшы мисалдарын “Facebook”тун негиздөөчүсү Марк Сукербергдин үйүндө “Jarvis” аттуу үн менен башкарууга мүмкүн болгон жардамчы пайда болгон. Бул жардамчы үйдүн жылытуу системаларына, камералардан тартып музыка сыяктуу системаларды өчүрүп күйгүзүүгө жардам берет. Сукерберг керебеттинде жатып алып, акылдуу телефонго “жакшы жат” деп кат жөнөтсө үйдүн баардык жарыгы өзү өчөт. Бул сыяктуу жардамчыны ким гана каалабайт?

6. Акылдуу жана квалификациялуу роботтор

Акылдуу роботтор технологиядагы чыдамсыздык менен күтүлгөн жаңычылдыктардын бири… Азыркы маалдагы роботтордон интеллектуалдык өзгөчөлүктөрүн да байкаса болот. Бул роботтор жаңы өнөрлөрдү үйрөнүп, жаңы тилдерди да өздөштүрүү өзгөчөлүгүн кирет. Ошондой эле жаңы изилдөөлөрдүн таасири менен роботтордон мобилдүүлүк да тарабы жогорулатылууда.

7. Жаңы мейкиндиктерди ачкан жасалма чындык

Виртуалдык чындык технологиясы эң көп талкууга алынган жаңычылдыктардын бири, айрыкча акыркы эки жыл аралыгында. Бул көз айнектин жардамы менен оюндун ичине кирип сиз да виртуалдык дүйнөгө кирип кетесиз. Бирок оюн ар түрдүү тармактарында жасалма реалдуулук дүйнөсүнөн ашып түшөт. Биринчи кезекте бизнес-дүйнөсү келип чыгат. Виртуалдык дүйнө оюн-зоок, байланыш, спорт жана чекене соода орундары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келет.

9. Сизди уккан жана тушүнгөн “chat-bot”

Күндөлүк турмушта акырындан техникалар менен сүйлөшүүгө көнө баштасаңыз бул жакшы. Себеби азыртадан колдонууга сунушталган “chat-bot”тор сиздин бүтүндөй суроолоруңузга жооп берген алгачкы система болот.

10. Үйүңүздү гана эмес жашооңузду контролдоого мүмкүн болгон интернет

Жаңы интернет технологиялары барган сайын өзгөчөлөнүп, өнүгүп келүүдө. Бүтүндөй технология эмеректерин бир арага чогултуп сизге бир жерде туруп контролдоого мүмкүнчүлүк берүүдө. Айрыкча бүтүндөй эмеректерди бирдей синхрондо болуусун камсыз кылат.

12. Экрансыз экрандар

Дисплей технологиясы жыл сайын өнүгүп, экрандар улам барган сайын дээрлик ичке болуп жатат. Ойлоп табуучулардын максаты жаңы экран өндүрүү жана эркиндик берүү болуп саналат. Ушундай жол менен көз алдыңызга эмне элестетсеңиз ошол нерсени көрүүгө болот.

14. Жарыктардын жардамы менен өстүрүлгөн көп кабаттуу талаалар


Келечекте болчу дүйнөдөгү ири кризистердин бири-айыл чарба азыктарын өндүрүүдөгү жердин тартыштыгы пайда болот. Муну алдын алуу үчүн технологияда жаңычылдыктар иштелип чыгууда. Алардын бири кабат болгон талааларга жер-жемштерди өстүрүү идеясы болуп саналат. “Pink Farms” командасы ойлоп тапкан бул долбоор бул маселелерди чечүү үчүн чоң жардам берет деген үмүттө. Бул имараттын ичинде “LED” жарыктарынын жардамы менен көзөмөлдөнүүчү, органикалык азыктарды өстүрүү каралууда. Бул чарбалар аз суу керектейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!