Ооруга чалдыктыруучу 11 себеп

28-Апр. 2017, Жума

“Дарылангысы келген адамдан эң алгач оорунун пайда болуу себептери менен күрөшүүгө дайын бекенин сураңыз. Андан кийин гана ага жардам берүүгө болот” Гиппократ.

Дарылануудан мурда пайда болгон дарттын негизги себебин аныктап алууну сунуштайбыз. Төмөндө келтирилген факторлордун кайсынысы болбосун сиздин ооруга чалдыгууңузга себепчи болот:
1. Психология

Эгер денеңиз ооруса оюңуз менен кээ бир иш-аракеттериңизди өзгөртүүгө тийишсиз. «Адамдын өз-өзүнө көңүлү толбосо, эч ким жакшы көрбөсө же болбосо аны эч ким аны жакшы көрбөсө ден соолугуна таасир береби?» деген суроого "албетте, таасир берет!" деп жооп беребиз. Ичинде кек таарыныч, коркуу, кызгануу, ачуу-ыза сыяктуу жагымсыз сезимдер бар адамдын дени сак болуу мүмкүндүгү азаят. Денеңиз соо болсун десеңиз психологияңызды өзгөртүп, алдыңызга туура максат коё билүүңүз керек.
2. Тамак — адамды азгырат
Бул тууралуу көп айтылып, көп жазылса да иш жүзүндө эч ким маани бербей келет. Чындыгында туура жана жакшы тамактанууну колго алуу кыйын. Себеби, дүкөн такталарында табитиңди ачуучу тамак түрлөрү көп. Курсак ачканда анын кайсынысы пайдалуу же зыяндуу экенин эстебейбиз. Ошондуктан эң алды менен эч качан жегенге болбогон азык-түлүк тизмегин түзүңүз.
Бул азык-түлүтү жегенге болбойт.

Мисалы, жүзум. Жүзүм 3-5 күндөн ашык сакталбайт, бузулуп кетет. Азыр биз жеп жүргөн жемиштердин көбү дукөн такталарында жумалап, айлап сактала берет.

2. Тез даярдалуучу тамакты жегенге болбойт!

«ДоШирак», «Роллтон» сыяктуу тез даяр болуучу тамак менен сууга эзилчү кофе, суусундуктарды жеп-ичпеген жакшы. Йогурт чыгарган фирмалар тирүү бактериялары бар йогруттар тууралуу жарнама беришет. Ал йогурттун сакталуу мөөнөтү 3-4 айга чейин созулат. Ал эми тирүү бактериялар узактыгы 3-6 күн аралыганда гана жашай алат.

Үй шартында жасалган сироптун өңү кызыл болбойт. Аба менен шекердин таасиринен даамы кычкылданып, түсү да коюу коңур болуп өзгөрүп кетет. Ал эми дүкөндө сатылган бүлдүркөн, өрүк, алча жемиштерден жасалган сироптордун түсү андай өзгөрбөйт. Себеби курамында турлүү химиялык кошулмалар менен боёктор бар. Албетте, ал адамдын организмине зыян алып келет.

Майонезди өзгөчө пластикалык кутудагы майонезди жегенге болбойт! Уксус пластиктен ар түрдүү канцерогендик заттарды бөлүп чыгарат. Майонездин курамында көп өлчөмдөгү узак убакытка чейин сакталуучу адамдын организмине зыяндуу кошулмалар бар. Ал эми анын курамындагы май кан тамырларыбыздын ичин бүтөп таштайт.
Мындай азык-түлүк менен тамактарды турмушта көп колдонгондуктан жазылгандын баарын көз жумуп салууга болот. Эгер ден соолугуңузду карабай, убактысынан мурун көз жумууну кааласаңыз.
3. Суу суюктук
Көптөгөн оорунун түрлөрүнүн пайда болуушуна дагы бир себеп-суу менен суусундуктар. Адам мээсинин 90 пайызы суудан турат. Мээге суу баруусу токтосо эмне болоорун элестетүү коркунучтуу. Суудан башка пепси-кола, чай жана башка түрлүү суусундуктар эч бири мээге барбайт. Жер бетиндеги өмур сүрүп жаткан тиричилик ээлери арасында адам гана колдон жасалган тамак менен суудан жасалган суусундуктарды ичет. Көк чай, кара чай, какао, кофе, шире ичүүгө болобу деген суроо үстүндө көп тартышып – талашууга болот.

Биздин ар бир клеткабыз сууга муктаж. Ошондуктан күнүнө бир литр суу ичүү жеткиликтүү.

Эгер эт жегенди жакшы көргөн адамдардын катарында болсоңуз же эттен башка жумуртка, нан, балык жакшы көрүп жесеңиз күнүнө 1,8-2 литр өлчөмдө суу ичүү керек. Канчалык көп тамактансаңыз ошончолук суу да ичип турууну унутпаңыз.

4. Бактерия, вирус, организмдеги паразиттер менен курөшүү

Булар сиз кааласаңызда, каалабасаңыз да организмде тиричилик кылат. Алардын да дал сиз сыяктуу өмүр сүрүүгө укугу бар. Аларды өлтүрүп көзүн жоюуга мүмкүн эмес. Сиз аларды өлтүрөмүн дегенче, алар сизди өлтүрүп коюшу мүмкүн. Бирок алардын максаты сизди өлтүрүү эмес. Алардын максаты сиздин организмдеги өзүлөрүнүн өмүр сүрүүсүнө керектүү азык алуу. Эгер алар менен бирге өмүр сүргүңүз келбесе, алардын өмүр сүрүүсүнө ыңгайлуу жагдай жасабаңыз. Алар менен сиздин иммунитетиңиз гана күрөшө алат. Иммундук система үчүн булар жырткыч аң менен тең. Ошондуктан алар менен күрөшүү үчүн накта аракет жасай билүү керек.

5. Тукум кубалоо

Туура тамактанбагандын таасиринен пайда болгон өткө таш толуу, кант диабети, гипертониялык оорулар сыяктуу тукум кубалаган оорулар урпактан урпакка “мурас” болуп калуусу мүмкүн. Тукум кубалаган оорунун көбү 10-15 жаш аралыгында пайда болот.

6. Медицина
Медицинанын өнүүгүсү үчүн көптөгөн каражат бөлсөк да, адамдын өмүр сүрүү жашы өспөйт. Адамдын узак убакыт өмүр сүрүүсү медицина менен байланыштуу эмес. Өмүрдүн узак, кыска болуусу туура тамактануу, өмүр сүрүү салты менен өз-өзүн жакшы көрүү менен байланыштуу. Анальгин, цитрамон, димедрол сыяктуу дары-дарымектердин уландыруучу таасири болгондуктан аты аталган бул дарылар башка өлкөлөрдө колдонубайт. Бул изилдөөлөр АКШда жүргүзүлгөн. Биз түрдүү антибиотиктер менен препараттарды кошпогондон кийинки жөнөкөй мисалдарды келтирип жатабыз. Ден соолугуңузга канчалык зыян келтиргиңиз келсе, мисал келтирилген дарыларды колдонууну уланта бериңиз.
8. Кыймыл аракет
Кытай менен Японияда дене муундары менен алектенген дарыгерлер аз болот. Чыгыш элдеринде кыймыл-аракет көп болот. Спорт түрүнө караганда жай гана гимнастикага окшош. Биздин элде кыймыл-аракетте болуу тууралуу ар ким ар кандай кабыл алат. Бакчада эртеден кечке чейин чөп отоп, бүкүрөйүп жүрсөңүз бул денеге пайдалуу кыймыл жасадым деп ойлобоңуз. Кыймылдаган кезде денедеги баардык муун менен булчуң эт козголушу керек. Ошондо гана бул кыймыл-аракет сиз үчүн пайдалуу болот.
9. Биоэнергетика
Азыркы заманда биоэнергетиканын болгондугу илимий жактан далилденген. Мурун аны “көз тийүү” деп атап келишсе, азыр “биоэнергетиканын бузулушу” деп аташат. Анын кандай аталары маанилүү эмес, негизгиси анын да сиздин өмүрүңүзгө таасир берүүсү. Айланып келип бул да психология менен байланышат.
10. Экология

Эгер завод, фабрикалары бар, абага ар дайым зыяндуу газ бөлүүчү жерде жашасаңыз, эгер идиш-аяктарды “Фейри” сыяктуу организмге зыян алып келүүчү суюктуктар менен жууй турган болсоңуз, тез арада алардан кутулуунун аракетин көрүңүз.

11. Жагымсыз адаттар
Сиздеги жагымсыз адаттар сиздин ден соолугуңузга албетте таасир берет. Жагымсыз адаттар тамеки чегүү, ичимдик ичүү, баңгизат колдонуу менен гана чектелбейт. Коомдук унааларда китеп, газет окуп же болбосо музыканы катуу коюп угуу, наушник тагып отуруу да жаман адаттардын катарына кирет. Уктаганда көмкөрөсүнөн жатуу да ден соолугуңузга зыян, себеби мындай жатканда моюн бурулуп, мээнин кан айлануусу бузулат.
12. Убакыт
Байлыктын баарын жыйнап алган кезде ден соолугуңузга көңүл бөлүүгө эмне жетпейт сизде? Албетте убакыт жетпей калат. Биз саналуу гана өмүрүбүздө курак куроо, унаа жүргүзүү жана башка ушул сыяктуу пайдалуу көп нерселерди үйрөнүүгө тырышабыз. Бирок ушулардын эч бири сиздин өмүрүңүздү узарта албайт. Адам ден соолугунан айрылган кезде калган үйрөнгөн нерселердин куну жоголот. Көптөгөн бай адамдар ден соолугунан айрылган кезде “Бийликтин да байлыктын да кереги жок, деним соо болсо экен” деп тилеп калат. Өкүнүчкө карай, бизге өмүр бою берилгендей кылып ден соолугубузга салкын карайбыз. Бул эң чоң каталык. Өмүр бою иштеп жургөн иш-аракетибиздин 80 пайызы ден соолугубузга зыян тийгизет экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!