Дарыгерлер ымыркайдын ичинен түгөйүн табышты

1-Авг. 2017, Шейшемби

Индияда дарыгерлер жаңы төрөлгөн ымыркайдын ичинен түгөйүн табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.

Маалыматка караганда, Индиянын Мумба шаарында жаңы төрөлгөн баланын курсагында анын түгөйү бар экенин рентгенолог дарыгер байкаган.

Ымыркайдын ичиндеги түйүлдүктүн чоңдугу 7 сантиметр, салмагы 150 гармм болгон. Aнын колу буту жана мээси калыптанып калган.

Баланын ичиндеги түйүлдүк операция жолу менен алынып салынган. Учурда эне менен баланын ден соолугу жакшы.

Жаратылыштын мындай көрүнүшү “эмбриондогу эмбрион” деп аталып 500 миң төрөттүн ичинен бир жолу кездешет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!