Карлес Пучдемон: Эгемендигибизди жарыялайбыз

4-Окт. 2017, Шаршемби, 16:34

Испаниядагы Каталония автономиялуу аймагынын президенти Карлес Пучдемон аз күн ичинде аймактын эгемендиги жарыялана турганын айтты.

Испаниядагы борбордук өкмөт кийлигишип, Каталонияны көзөмөлгө алса эмне болот деген журналисттердин суроолоруна ал “Бул бардык нерсени өзгөрткөн апта болот”,-деп жооп берди. Ошондой эле Карлес Пучдемон учурда Испания өкмөтү менен Каталония өкмөтүнүн ортосунда эч бир байланыш жок экенин кошумчалады.


Испаниянын королу: Референдум мыйзамсыз


Испания королу Фелипе VI шейшембиде кечинде сүйлөгөн сөзүндө Каталонияда өткөн референдумду уюштургандарды сынга алып, алар мыйзам бузуп жатканын айткан.

Теле аркылуу элге кайрылуусунда ал Испаниядагы абал абдан олуттуу экендигин белгилеп, элин ынтымакка чакырды. “Референдумду уюштурган Каталон лидерлер мамлекеттин күчүн сыйлабай жатышат. Укуктун жана демократиянын принциптерине зыян келтиришти”,-деген король Каталон коомчулугу бөлүнүп жатканын, бул эки тараптын экономикасына зыян алып келерин эскертти.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!