Астероидден кен казуу мыйзамдаштырылды

1-Авг. 2017, Шейшемби

Люксембург өкмөтү буга чейин парламент кабыл алган, ишканаларга космостон кен-байлык алууга уруксат берген мыйзамды күчүнө киргизди. Бул тууралуу “Хайтек” сайтына жарыяланган.

Өткөн жылдан бери иштелип жаткан мыйзам 1-августан баштап күчүнө кирет. Андагы беренелердин биринде космостогу ресурстарды жеке компаниялардын иштетүүсүнө уруксат берилери, бул космостук долбоолорду өнүктүрүүгө түрткү болору белгиленген. Дегеле эксперттер космостук ресурстарды пайдалануу же асман телолорунан кен казуу 10 жылдан кийин башталарын болжолдоп келет.

Люксембург Европадагы жеке ишкерлерге космостон кен казууга расмий түрдө уруксат берген биринчи мамлекет эмес. Алардын мыйзамынын көп бөлүгү 2015-жылы кабыл алынган Американын асман телелоруна байланышкан мыйзамына окшош.

Люксембург бул мыйзамды келечекте космостон кен алуу индустриясында башкы оюнчу болуу максатында чыгарган. Ошондой эле аны ишке ашырууга 200 миллион евро жумшары күтүлүүдө.

Бул ишке адистешкен бир нече ишканалар каттоодон өттү. Алардын арасында космостук кемелерди чыгаруунун пландап жаткан “Deep Space Industries” жана изилдөөчү спутниктерди чыгарган “Planetary Resources” компаниялары бар.

2023-жылы NASA 10 000 квадриллион долларлык темирдин кору бар экени болжолдонгон астероидге зонд учурат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!