11-ноябрь: Дүйнө кабарларына баяндама

11-Ноя. 2017, Ишемби, 17:25

Кытай опиоиддердин таралышына каршы күрөштө АКШга жардам берет. Бул туурасында жума, 10-ноябрда Кытайдын Тышкы иштер министринин атайын өкүлү маалымат жыйынында билдирген.

“Америка тарап бул көйгөйгө маани берери президенти Дональд Трамптын Кытайга иш-сапары учурундагы сүйлөшүүлөрдөн белгилүү болду”,-деди ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

“Пекин жана Вашингтон укук коргоо органдарынын деңгээлинде баңгизат менен күрөшүү, психикага зыяндуу заттардын таралышына бөгөт коюда биргеликте иш алып барары талкууланды”,-деди ал.

Буга чейин Американын президенти Дональд Трамп опиоиддердин массалык түрдө ашыкча өлчөмү саламаттыкты сактоо тармагындагы олуттуу көйгөй экенин айткан. Ошондой эле ал бул көрүнүштөр баңгиге көз карандыларга жардам берүү жана маңзат менен күрөшүү зарылдыгына түрткү болуп жатканын белгилеген.

Улуу Британиянын өкмөтү Европа биримдигинен (ЕБ) чыга турган убакытты мыйзамдуу түрдө тактай тургандыгын “Brexit” боюнча министр Дэвид Дэвиске шилтеме берип “Reuters” агенттиги жазды.

“Падышачылык ЕБден чыгууну 2019-жылдын 29-мартында Лондон убактысы боюнча 23:00гө белгилеген. Бул күн буга чейин эле такталган”,-деген Дэвид Дэвис.

Улуу Британия ЕБдин курамынан чыгуу боюнча референдумду өткөн жылдын 23-июнунда өткөргөн. Ийгилик 51,9 пайыз менен “Brexit” тарапка оогон.

Кытайдын Хэнань провинциясы абанын булгануусу жана кырсыктарды алдына алуу максатында фейерверктерди өндүргөн фабрикаларды жапканын “Синьхуа” агенттиги кабарлады.

Провинция фабрикалардын ишин экология үчүн эле эмес, анда иштегендердин коопсуздугу үчүн токтоткону белгилүү болду.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!