Кооптуу жүк ташыган унаалар текшерилди

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 16:44

Бишкек-Ош жолунда жайгашкан “Сосновка” туруктуу тосуу постунда Чүй облустук Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүнчү ташыган жана оор, кооптуу жүк ташуу менен алектенген айдоочуларга карата рейддик иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Бишкек-Ош жолунун каттамында жүргөн унаалардын техникалык абалына, унаалардын кышкы мезгилге даярдыгына жана жүргүнчүлөрдү ташууда эрежелердин сакталышына көңүл бурулган.

“Рейд учурунда башкармалыктын кызматкерлери тарабынан Бишкек-Ош жолунун “Сосновка” туруктуу постунда 120дан ашуун унаалар текшерилген. Айдоочулар тарабынан жол эрежелерин сактабаган жана одоно бузган 56 айдоочуга административдик протоколдор толтурулган. Анын ичинен жүргүнчүлөрдү ташууда 13 айдоочуга ашыкча жүргүнчү салгандыгы үчүн, унаанын бөлүктөрүн уруксааты жок өзгөрткөндүгү үчүн 8 айдоочуга, жүк ташуучу унаанын техникалык абалы талапка ылайык жооп бербегендиги үчүн 11 айдоочуга, кооптуу жана оор жүк ташууда эрежелерин сактабагандыгы үчүн 16 айдоочуга жана жүк ташуучу унааны техникалык абалын техникалык кароодон убагында кароодон өткөрбөгөндүгү үчүн 8 айдоочуга айып салынды. Ал эми жүргүнчү ташуу менен алектенген 9 унаанын уруксат кагаздары туура эместигине байланыштуу артка кайтарылган”,- деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми рейддин жүрүшүндө айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү учурунда ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Каныбек Джумашалиев катышкан.

Белгилей кетсек, жылыга кыш мезгилинде “Бишкек-Ош” автоунаа жолунда 15-октябрдан баштап май айына чейин жүргүнчүлөрдү ташыган унааларга чектөөлөр киргизилет. Чүй облустук ИИББгы боюнча Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген айдоочуларга жол коопсуздугун алдын алууларын, жолдо жүрүүдө жол эрежелерин так жана мыйзам чегинде иш алып барууларын, өз убагында транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүп турууларын эскертишет. Аталган иш-чаралар май айына чейин уланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!