Зилзаладан 450 адам набыт болду

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 11:08

Иран-Ирак чек-арасында күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөөнүн кесепети оорлоду. Жаратылыш кырсыгынан 450 адам көз жумса, 7 миңи жаракат алды. Бул сан көбөйөөрү болжолдонууда. Издөө, куткаруу иштери тынымсыз уланып жатат.

Жер титирөөдө зыянга көп учураган Сулеймания шаарына караштуу Дербендихан аймагында айрым имараттар урандыга айланган. Дербендихан плотинасынын абалын текшерүү иштери башталып, аймактагы тургундарды коопсуз жайларга жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!