​Тигүү тармагы: ири рынокторго чыгууга мүмкүндүк бар

8-Май 2017, Дүйшөмбү

Кыргызстандын тигүү тармагы экспорттун көлөмү жагынан баалуу металл жана айыл чарбасынан кийин турат. Тактап айтканда экспорттун 7 пайызын түзөт. Учурда аталган багыттын мүмкүнчүлүгүн өстүрүү үстүндө иштер жүрүп жатат.

2016-жылы расмий маалыматтарга ылайык тигүү тармагы экспортко жөнөткөн продукциянын көлөмү 95,5 млн. долларды түзгөн. Экспортко чыгарылган товардын негизги бөлүгү 80 пайыздан ашыгы Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) рыногуна жөнөтүлөт. Тигүү багыты 150 миңден ашык жаранды жумуш менен камсыз кылып экономиканын негизги тармагы болуп эсептелет. Аталган тармак келечектүү болгондуктан анын мүмкүнчүлүгүн дагы жогорулатуу зарыл. Ал үчүн өкмөт бир катар иштерди жүргүзүп жатат. Бул тармактын келечегин бир гана ЕАЭБдин алкагы менен гана карай бербестен башка да мүмкүнчүлүктөр каралып жатат. Андай мүмкүнчүлүк Евробиримдигинин кеңири рыногу эсептелет.

ВСП+ макамы

Евро биримдиктин рыногуна кирүү үчүн жеңилдиктеринин бири ВСП+ сатусу. 2016-жылдын январь айынан тарта Кыргызстан Евро биримдигине бажы алымсыз товар экспорттоого мүмкүндүк жараткан ВСП+ статусун алган. Ошондон тарта бул өңүт айрым ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн көңүлүн бурдура алды. Расмий маалыматтарга караганда ВСП+ статусуна ээ болгон бир жылдын ичинде Кыргызстандан Европага экспорттолгон товардын көлөмү 68 млн. долларды түзгөн же 53 пайызга жогорулаган.

Бирок ВСП+ статусу миссиясынын өкүлдөрүн билдиргение караганда, алар жүргүзгөн мониторингге ылайык Евроазия экономикалык биримдигине биригүү Кыргызстандын товарларынын айрым түрлөрүнүн Евробиримдигинин (ЕБ) рыногунда атаандаштык мүмүкүнчүлүгүн жоготууга алып келген. Анын ичинде тигүү тармагы да бар.

Ал эми ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн көз карашында өкмөт тарабынан айтылып жаткан Технополистин түзүлүшү мындай көз карашты жок кылмак.

“Легпром” ассоциациясынын директору Фархад Төлөгөновдун пикиринде Технополистин курулушу бир гана ЕАЭБдин гана эмес ЕБдин да зарыл болгон баардык шарттарына ылайык түзүлүшү керек.

“Биздин айрым жеке ишкерлер Европа өлкөлөрүнө өз продукцияларын алып барып жатышат. Бирок массалык түрдө эмес. Ошол эле кезде биз аталган аймакты ири рынок катары карап жатабыз. Бирок бизде өндүрүлгөн кийимдердин сапаты ылдый болуп жатат. Ошондой эле ал жакта бир катар стандарттар бар. Ошондуктан биринчи кезекте заманбап Технополистерди куруу зарыл. Технополистин курулушу бир гана ЕАЭБдин гана эмес ЕБдин да зарыл болгон баардык шарттарына ылайык түзүлүшү керек”,-дейт Төлөгөнов.

Модага айландыруу керек.


Ал эми “Ата-Мекендик өндүрүүчүлөр” ассоциациясынын жетекчиси Бакыт Дегенбаевдин пикиринде ВСП+ статусу жок эле Европанын рыногуна чыкса болот.

“Кыргызстандын тигүү багыты экономиканын келечектүү ири тармагы. Европа базарларына чыгуу үчүн сөзсүз эле ВСП+ мүмкүнчүлүгүн пайдалануу зарыл эмес. Биз “Кыргызстанда жасалды” деген бренд аркылуу бизде өндүрүлгөн кийимдерди модага айландырууга жетишибиз керек. Ошондо гана биздин товарларга суроо талап жаралып бир гана Европада эмес дүйнөлүк ири рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт”,-дейт Дегенбаев.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!