​«Эл укпасын» тасмасы көрсөтүлө баштайт (трейлер)

11-Май 2017, Бейшемби

11-майдан тарта Кыргызстандагы бардык кинотеарларда «Эл укпасын» деген аталыштагы тасма көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу тасманын режиссеру Сүйүн Откеев билдирди.

Анын айтымында, тасманын бет ачаары «Манас» кинотеатрында өткөрүлгөн.

Тасмада башкы каармандар Дастан менен Жамилянын ортосунда болгон окуя баяндалат.

«Сюжет боюнча Кореяда иштеп жана окуп жаткан 27 жаштагы Дастан ата-энесинин өтүнүчү менен таз арада бир айга Кыргызстандагы үйүнө учуп келет. Таэквандо боюнча кара курдун ээси 24 жаштагы Жамиля маанилүү мелдешке аябай даярданып жаткан болот. Алардын ортосунда бир нерседен башка эч нерсе жок болчу.

Аларды бала кезде ата-энеси салтка ылайык кудалашып коюшкан.

Бирок карьерист Дастан менен өзүм билем болгон Жамиля бири бирин жек көрүшөт. Жагдайды Жамийланы ала качмак болгон Тыкы күчөтүп жиберет.

Башы ролдорго: Мурат Мамбетов, Асылбек Өзүбеков, Гульмира Турсунбаева, Таалайкан Абазова, Эркин Эгембердиев, Таазим Уметалиева жана башкалар тартылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!