​Кытай Кыргызстанда кабель чыгарууга кызыкдар

22-Июнь 2017, Бейшемби

Кытайдын кабель-чубалгыларын чыгаруучу материалдарды өндүргөн “Чжэньцзян” корпорациясынын өкүлдөрү Кыргызстанга кабель заводун куруу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын Гуанчжоудогу башкы консулу Максат Тентимишов “Чжэньцзян” ишканасынын жетекчиси Ся Синцай менен жолугушкан. Жолугушуу учурунда эки тарап кабель-чубалгыларын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Кыргызстандын гидроэнергетикалык келечеги бар экени токтолгон Тентимишов Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны Евразия экономикалык биримдиктин алкагында жана Тажикстанга экспорттоого болоруна токтолду.

Кытай тарап Кыргызстан менен биргелешкен же өз алдынча ишкана ачуу маселесин карап көрүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап Ся Синцай башында турган кытайлык ишкерлер Кыргызстанга иш сапарда болуу боюнча сүйлөшүүгө жетишишти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!