Улуттук банк: 169 килограмм алтын сатылды

22-Июнь 2017, Бейшемби

Акыркы эки жылдын ичинде Улуттук банктын алтын куймаларынан 468 млн сом түшкөн. Бул тууралуу Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов парламенттин жыйынында өткөн жыл боюнча отчет берүү учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, алтын куймаларын сатууга чыгаруу долбоору ишке кирген 2015-жылдын май айынан бери ушул күнгө чейин 169 килограмм алтын куймасы сатылган. Сатыктан 468 млн. сом киреше түшкөн.

Алтын куймаларынын баардыгы “Кыргызалтын” ишканасында даярдалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!