​Жээнбеков: “Экономикада өсүш бар”

28-Июль 2017, Жума

2017-жылдын жарым жылдыгындагы өлкөнүн социалдык жана экономикалы өнүгүсүү боюнча өкмөттүн жыйынында 6 айдын ичинде экономикалык өсүш болгондугу айтылды.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында бюджеттин кирешеси 64,2 млрд сомго жеткен. Бюджеттин кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу 8 млрд. 694,9 млн. сом көп түшкөн.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун айтымына караганда жыл башынан бери карай экономикадагы сүйүнтөөрлүк өсүш ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 193,9 млрд. сомду түзгөндүгү болду. Башкача айтканда ИДӨ 106,4 пайызга өскөн. Өткөн жылы бул көрүнүш 96 пайызды түзгөн болчу.

Ошондой эле алга жылуу болуп жаткандыгын көрсөткөн дагы жагымдуу жагдай 2017-жылдын биринчи алты айында атамекендик товарлардын экспорту сырттан келген импорттук товарлардын көлөмүнөн үстөмүрөөк болуп жаткандыгы.

Расмий маалыматка караганда үстүбүздөгү жылдын январь-май айларындагы экспорттун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 30 пайызга жогорулап жалпы көлөмү 657,7 млн. долларды түзгөн. Ал эми импорт 10,9 пайызга өсүп 1614,6 млн. долларды камтыган.

Кыргызстанда инвестициялардын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 30 пайызга өскөндүгүн белгилеген өкмөт башчы инвестиция кыргыз экономикасына аба суудай кректигин белгилеп өттү.

“Инвесторлор үчүн биз жакшы шарттарды түзүшүбүз керек. Өлкө башчы Кыргызстан инвесторлордун бейишине айланышы керектигин белгиледи. Кандай болсо да инвесторлорду чочутпастан, аларга ыңгайсыздык жаратпашыбыз керек. Бул багытта ишти күчтөндүрүү керек”, - дейт Жээнбеков.

Ал эми Экономика министрлиги билдиренине ылайык 2017-жылдын биринчи кварталында чет өлкөндөн келген түз инвестициянын көлөмү 35 пайызга өскөн. Тактап айтканда чет өлкөлүк түз инвестициянын жалпы көлөмү 202 млн 660 миң долларды түздү. Негизинен инвестиция кайра иштетүү тармагына 56,7 пайызы багытталган, каржылык тармагына болсо 26,5 пайыз, адистик, илимий жана техникалык багыттарга 9,9 пайызы жумшалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!