Көчмөн кыргыздын турмушу мал чарбачылыгы менен тыгыз байланышта болгондуктан, малдын терисинен жылуу кийим, көлдөлөң сыяктуу буюмдарды жасоо салты калган. Глобалдашуу доорунда көөнө салттарды даңазалап, элибиздин эсине салып келе жаткан уздар да жок эмес.
Нарын облусунун 65 жаштагы тургуну Шарапат Ибраева эселек кезинен тартып, эс алууга чыкканга чейин териден көлдөлөң жасоо өнөрү менен алектенип келет.
Каарманыбыз Шарапат апа өмүр бою агартуу айдыңында эмгектенген. Ал орто мектепти аяктагандан кийин Караколдогу педагогикалык институттун физика-математика факультетин аяктап, 35 жыл мектепте мугалим болуп иштеген. Учурда эс алууда.
Ал тери ашатуу өнөрү апасынан өткөнүн айтып, кыргыздын улуттук буюмун унутта калтырбоо максатында уул-кыздарына, жакындарына жасап берүү менен жайылтып келе жатат.
“Апам уз аял болчу. Элге ичик, тон, бешмант, суусар тебетейлерди тигип берчү. Мен дагы бала чагыман баштап, апамдын бул өнөрү менен камыр-жумур чоңойдум”,-дейт.
Айтымында, бир көлдөлөң жасоо үчүн 6-7 тери керектеле турган болсо, же бирдей болгон окшош терилерди бир же эки жылда чогултат.
“Көлдөлөңдү негизинен козунун терисинен жасаса жакшы болот. Койдун териси иштеткенге кыйыныраак. Терилерди адегенде туздап, кургатып алабыз. Андан кийин бир литрлик идишке айран, сүт, жай мезгилинде кымыз куюп, ага он граммдай солярка, бир ууч туз, бир ууч айна кошуп, баарын аралаштырган соң териге сыйпайм. Бир литр аралашма үч козунун терисине жетет. Сүйкөгөндөн кийин бүктөп, бир күнгө көлөкө жерге коюп коем. Эртеси дагы сүйкөйм. Ошентип олтуруп үч ирет күн алыс аралашманы сүйкөп турам. Андан кийин терилерди күнгө жайып, кургагандан кийин сууга жууйм. Ошентип даяр болгондо тигип баштайм. Козунун териси жука, ийкемдүү болгондуктан, машинеге да тиккенге жарайт”,-деди.
Чебер айым көлдөлөңдү эч бир кымбат баалуу кездеме менен салыштырууга болбостугун айтат.
“Мындан 10-20 жыл мурда жасаган көлдөлөңдөр күнү бүгүнкүдөй турат. Бул экологиялык жактан таза, жылуу. Нукура түсү сакталат. Уул-кыздарыма жасап бердим. Жамандык-жакшылыкта көлдөлөңдүн үстүнө олтурсаң жылуу, жумшак. Кымбат баалуу деген кездемеден да барктуу”,-деди.