Унаага арналып чатыр чыгарылат

21-Апр. 2017, Жума

Жакынкы аралыктарда унааларыңызды жаан-чачындан, анын үстүнө катуу нерсенин жана күндүн тийүүсүнөн коргоочу чатырлар чыгарыла баштайт.

Америкада “Lanmodo” стартапы көп функционалдуу “All-in-One Wireless Automatic Car Tent” жаңычылдыгын тааныштырышты. Долбоор азыр краудфандинг сатуусунда.Бир сөз менен айтканда, бул автомобилге арналган чатыр болуп саналат. Ошону менен бирге аны проекторго арналган экран ирээтинде да пайдаланууга болот деп кабарлайт «Мотор» булагы.

Чатыр унаанын үстүнө чоң аба соргуч каражаттардын жардамы менен орнотулат. Мындан сырткары аны эшикке кыстырып коюуга же болбосо терезенин корпусу менен эшик туткаларына илип коюуга мүмкүн болгон кошумча куралдары да караштырылган.

Автоматтык түрдө ачылып-жабылып (алыстан башкаруучу пульттун жардамы менен) чатырдын конструкциясы унаанын үстүнө орнотулган.

Чатырдын дагы бир касиети аны проекторлорго экран катары да пайдаланууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!